Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Мина издегичтердин машыгуусу өтүп жатат


Бул күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аскердик бөлүктөрдө мина издегич инженерлердин машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашты. Машыгууга 80дей адам катышууда. Катылган миналарды издөө, табуу, зыянсыздандыруу боюнча адистик чеберчилигин Ошто, Гүлчөдө, Баткенде, Майлуу-Сууда жана Ала-Букада жайгашкан аскердик бөлүктөгүлөр көрсөтүшүүдө. Былтыр Коргоо министрлигинин түштүк-батыш аймактык командачылыгынын мина издегич инженерлер тобу сексенден ашуун жардыргыч таап чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG