Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:20

Дүйнөлүк банк жаңы конуштарга каражат бөлдү


Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 16 миллион долларга жакын акча берет. Мындай чечим аталган банктын директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Акча Бишкектин жана Оштун четиндеги жаңы конуштардагы элдин жашоо шартын жакшыртууга жумшалат. Бөлүнгөн каражаттын жарымы жеңилдетилген шарттагы насыя түрүндө, ал эми калганы бекер берилет. Бишкектин тегерегинде 40тан ашуун, Оштун четинде 3-4 жаңы конуш бар. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG