Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Оштогу абакта оозун төөнөгөндөр азая баштады


Оштогу абакта оозун төөнөгөндөрдүн төртөөсү кайрадан оозун ачышты. Бирок тамак ичүүдөн дагы эле баш тартышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу №25 жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси Абдыкадыр Асанов билдирди. Эки күн мурун бул абактагы 24 адам ооздорун төөнөгөн.

“Камакта отурган 403 жарандын 325и Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандарга тилектештигин билдирип, 18-январдан бери ачкачылык акциясын башташкан. Бир жуманын аралыгында алардын 19у ашказанында пайда болгон оорудан улам медицина кызматкерлерине кайрылышты”, -дейт Асанов. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG