Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Ош шаардык кеңешине шайлоого 706 талапкер ат салышат


Ош шаардык шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 45 мандаттуу шаардык кеңешке 8 партиядан 706 талапкер катталган. Аларды каттоо кечээ 25-январда токтоду.

Талапкерлердин документтери укук коргоо органдарына текшерүү үчүн жөнөтүлдү. Текшерүүдөн өткөн талапкерлер 2-февралга чейин тизмеге киргизилет.

Шайлоодо - КСДП, КУДП, «Замандаш», «Улуттар биримдиги», «Адилеттүү Кыргызстан», Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Республика» жана «Ата Мекен» партиялары күч сынашышат.

Шайлоо 4-мартта өтөт. Азыр шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүрүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG