Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Режиссердун өлүмүнө шектүү Эралиев күнөөсүн моюнуна алды


"Тумар" радиосунун режиссеру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө шектүү делген Максат Эралиев күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев билдирди.

Эралиевди бүгүн Чүйдүн милициясы кармады. Ал 4 ай издөөдө жүргөн. Азыр облустук милициянын убактылуу кармоочу жайында. Айдаралиевдин өлүмү боюнча кылмыш ишти Бишкек милициясы иликтеп жатат. Эми Эралиев ошол жакка өткөрүлүп берилет.

Айдаралиев былтыр күзүндө Бишкектин түнкү клубдарынын биринин кире беришинде катуу сабалган. Видеодо калган тасма боюнча аны сабаган Максат Эралиев экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG