Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Дагестанда уурдалган киши барымтачылардын бирин атып өлтүрдү


Орусиянын Дагестан республикасынын полициясы азыр барымтачыларга байланыштуу окуяны иликтеп жатат. Дербент шаарынын бир тургунун куралчан эки киши уурдап, спорт залдын бир бурчунда барымтада кармап турушкан.

Алар уурдалган киши үчүн туугандарынан акча талап кылууну пландашкан. Барымтачылардын бирөө калганда, уурдалган адам тапанчаны ала койгонго үлгүрөт да, аны алты ирет атып өлтүргөнгө жетишет. Полиция азыр экинчи барымтачыны издеп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG