Бразилиядагы куткаруучулар бүгүн шаарда кокус кулап түшкөн үйлөрдүн урандылары астынан үч адамдын өлүгүн сууруп чыгышты. Алты адамды тирүүлөй куткара алышканын айтышты, бирок дагы 16 кишинен дайын жок.
Шаардын борборунда кечээ 10 жана 20 кабаттуу үйлөр, алардын жанындагы төрт кабаттуу бир үй кулаган.
Мэр Эдуардо Паес буга үйлөр курулгандагы “айрым структуралык кемчиликтер” себеп болушу мүмкүн деп билдирди. Кырсыктын себептери азыр иликтенүүдө.