Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:47

Ооган-түркмөн темир жол долбоору ишке киргени жатат


Ооганстан коңшулаш Түркмөнстан менен байланышты күчөтө турган темир жолдун долбоорун дээрлик аяктап калганын жарыялады. 84 чакырымга созулчу жол Акина-Андхой деген ооган шаарын Түркмөнстандагы Атамурат-Имамназар деген шаар менен байланыштырат.

Бул тууралуу ооган президенти Хамид Карзай Ашгабадда түркмөн мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолуккандан бир күндөн кийин жарыяланды.

Бул – деңизге чыкпаган өлкөнүн экинчи эл аралык темир жол байланышы. Өткөн айда Ооганстанды Өзбекстан менен бириктирген 75 чакырымдуу темир жол каттамы иштей баштаган.

XS
SM
MD
LG