26-январда Мухаммед пайгамбардын чачы Чеченстандын борбору Грозныйга алып келинди. Ыйык затты - реликвияны көрүү үчүн коңшулаш Дагестан, Кабардин-Балкар жана Ингушетиядан да миңдеген динзарлар келишкени, алар аэропорттон Грозныйдагы Ахмад Кадыров атындагы мечитке кеткен жолдо тизилип турушканы маалымдалды. Таберик салынган кутучаны мечитке Чеченстандын Кремль жөлөгөн президенти Рамзан Кадыровдун алты жаштагы уулу көтөрүп кирди. Кадыровдун айтышынча, узак жылдар Өзбекстанда сакталган эстеликтин келиши - "республика тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатканын күбөлөйт".