Адвокаттын эмгек акысын мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык юстиция башкармалыгынан билдиришти. Аталган мекеме ушул айдан тарта адвокаттарды сынактын негизинде кабыл алып, кылмышка шектүү деп кармалган турмуш-шарты оор жарандарга акысыз адвокаттык кызмат көрсөтө баштайт. Акысыз кызмат июн коогасына тиешеси бар делген жарандарга көрсөтүлбөйт. (SE/RK)