Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Баткенде 500дөй киши чогулуп, губернаторлукка Буркановду калтыруу талабын коюшту


Бул тууралуу алар вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге айтышты. Оторбаев бүгүн Баткенге жыл жыйынтыгын чыгаруу жыйынына катышуу үчүн барган. Ал өкмөттө экономика жана инвестиция маселелерин тейлегендиктен, бул талапты аткаруу анын укугу эмес экенин айтты. Митингчилердин талабын өкмөткө айтып бараарын билдирди. Былтыр декабрда Баткен облусунун Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жашоочулардын арасында тополоң чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Шамил Атаханов "Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес" деп айткан. Бирок Арзыбек Бурканов өзүн күнөөлүү эместигин билдирип келет. Ал кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын, тиешелүү арызын өкмөт башчысына бергенин айтып, 20-январда эл менен коштошуп кеткен болчу. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG