Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Таластыктар өкмөт башчы Бабановду "дежурлар" эмес, эл менен жолук дешти


Ушу тапта Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы орто мектептин алдындагы аянтчада премьер-министр Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусу өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ал жерде бир жарым миңдей киши чогулган. Жолугушуу мектептин ичинде өтмөк. Ага катышуучуларды мурда даярдалган тизме боюнча бирден киргизип жатканда сыртта турган эл нааразы болду. Өкмөт башчысын мурдагы бийликтер тушунда "дежур" аталган кишилер менен жолукпай, элге тегиз мамиле кылууну талап этишти. Бабанов Таласка жыл жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы максаттар тууралуу айтып, элдин көйгөйүн угууга барган. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG