Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

28-31-январда тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу бар, тоолуу жолдорго муз тоңот


2012-жылдын 28-январынан 31-январына чейин жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керектигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. Ошого байланыштуу ири өзгөчө кырдаалдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы – премьер-министрдин 14-январында чыккан буйругунун мөөнөтү 31-январына чейин узартылды. Бул маалымат ӨКМ маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдон алынды.

XS
SM
MD
LG