Ирактын борбор шаары Багдадда жан кечти дүрмөттөлгөн машинаны жардырып жиберип, бери дегенде 31 киши жан таслим болду, 60тан ашууну жараланды. Расмий маалыматка караганда, шийилер байырлаган Зафарания чөлкөмүндөгү кол салуу кечээ күнкү теракттан набыт болгон 3 кишинин сөөгү коюлуп жаткан кезде болгон. Жарылуудан бир нече дүкөн, үйлөр, машиналар өрттөнүп кетти же талкаланды. Өткөн айда АКШ Ирактан аскерлерин чыгаргандан кийин ар кандай кол салуулар көбөйдү.