Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы “Яблоко” партиясынын түптөөчүсү Григорий Явлинский жана Иркутск облусунун губернатору Дмитрий Мезенцевди президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Комиссиянын маалыматына ылайык, алар тапшырган тизмелердин көбү фотокопия, же жасалма болуп чыккан. Мыйзамга ылайык, каттоодон өтүш үчүн талапкер болом дегендер 2 миллиондон кем эмес кол топтошу керек.
Апта башында “Яблоко” партиясынын лидери жарышка койо берилбеши мүмкүн деген маалыматтар пайда болгондо Явлинский: "Бул саясий чечим, анын кол тамгаларга, же алардын сапатына эч кандай тиешеси жок", - деп айткан.
Партия тарапкерлери шайлоо комиссиясынын жанында пикет өткөрүп, “Калыс шайлоону талап кылабыз!”, - деген ураан чакырып турушту.
4-февралда орус оппозициясы Москвада дагы бир нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Буга чейин шайлоо комиссиясы 5 адамды президенттикке талапкер кылып каттады. Добуш берүү 4-мартта болот.