Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Испанияда жумушсуздар көбөйдү


Испанияда жумушсуздуктун деңгээли дээрлик 23 процентке жетти. Улуттук статистикалык институт бүгүн жарыялаган сандарга ылайык, өлкөдө 5,27 миллион киши жумушсуз калган. Алдыңкы жылдын 4-чейрегинде жумушсуздар жалпы калктын 21 жарым процентин түзүшкөн. Экономисттер Испания ушул жылдын башында эле рецессияга туш болушу мүмкүн деген божомолдорун айтып келишкен. Бийликке жаңы келген консервативдүү “Элдик партия” калкты эмгек менен камсыз кылуу үчүн реформалар жүргүзүлөөрүн ырастоодо. Испания Греция, Ирландия жана Португалиядагыдай карыз кризисин да баштан кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG