Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

ABBA тобу акыркы альбомун чыгарат


ABBA популярдуу тобу акыркы ыр жыйнагын чыгараарын жар салды. 23-апрелде поп-жылдыздардын буга чейин белгисиз болуп келген ырын камтыган The Visitors деген альбом жарык көргөнү жатат. "Роллинг Стоун" журналынын маалыматына ылайык, бул ABBAнын 1994-жылдан берки биринчи альбому болуп калмакчы. Ал жылы Thank You for The Music деген жыйнагы чыккан. Швециялык бул топ 1982-жылы ыдырап кеткен жана кайра биригүүгө караманча каршы болуп, көнбөй коюшкан.

XS
SM
MD
LG