Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Чөгүп кеткен кемеде бараткандарга акча төлөнөт


“Коста Конкордия” кемесине ээлик кылган Италиянын компаниясы жүргүнчүлөрдүн ар бирине 11 миң евро компенсация сунуш кылды. Мындай мунасага “Коста Круиз” фирмасы менен Италиянын кардарлар уюму ортосунда жетишилген. Компания саякаттын акчасын кайтарууга, медициналык жардамдын чыгымдарын жана жол акысын төлөп берүүгө убада кылды. Жүргүнчүлөр же команда мүчөлөрү компенсацияга канааттанбаса, фирманы сотко бере алышат. Ошол эле маалда макулдашууда саламаттыгына зыян келгендерге же жакындарын жоготкондорго эч кандай акча төлөө каралбайт. “Коста Конкордия” кемеси 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка учураганда анын бортунда 4 миңде көп киши бараткан. Азыркыга чейин 16 кишини набыт болгону бышыкталды, 16 киши беймаалым калууда.

XS
SM
MD
LG