Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

“Бир дүйнө” кинофестивалы кулачын жаюуда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө” кинофестивалынын координатору Фарида Абдылдаева билдирди. Кечээ Бишкекте бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, режиссерлор катышкан кеңешмеде 2011-жылкы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылды. Анда фестивалдын мааракелүү беш жылдыгы өткөрүлгөндүгү чоң жетишкендик катары белгиленди. Уюштуруучулардын пикиринде, акыркы жылдары фестивалга адам укуктары боюнча тартылган тасмалары менен чет элдик режиссерлор көп катыша баштады. 2012-жылкы планда адам укугун көтөргөн тасмаларды өлкө аймагына жеткирүү жана мындай фестивалды коңшу мамлекеттерде да өткөрүү каралууда. Буга чейин “Бир дүйнө” фестивалы Тажикстанда да уюштурулган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG