Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Рухий Мурас конушунда мектеп ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар министрлигинин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова билдирди. Башталгыч класстар үчүн ачылып жаткан мектеп жаңы эмеректер менен жабдылып, анда китепкана жана 350 орундуу ашкана бар. Биринчи класстан алтынчы класска чейинки окуучулар мектепте эки нөөмөттө билим алышат. “Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” эл аралык уюмунун көмөгү мындай мектептер буга чейин Баткен, Талас жана Ош облустарында да ачылган. Бүгүн түштөн кийин окуу жайдын ачылышына жаштар министри Алиясбек Алымкулов, шаар мэри Иса Өмүркулов жана аталган эл аралык уюмдун төрагасы Саид Баюми катышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG