Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө


Бишкекте бүгүн Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс турниринин жарым финалдык беттешүүлөрү башталды. Мелдешке Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан эки жүздөн ашуун тандалган бокс чебери катышып жатат. Баш байге үчүн 208 бокс чебери күч сынашып, жарым финалга 40 мушкер чыкты. "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин айтымында, алардын тогузу кыргызстандык спортчулар болду.

Финалдык таймашуулар 29-январда өтөт. Мелдеш 25-январда башталган. Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс турнири 1974-жылдан бери уюштурулуп келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG