Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:47

Башкы прокурор: Коррупцияга каршы күрөш күчөйт


Башкы прокурор Аида Салянованын билдиришинче, 2012-жылы Башкы прокуратура УКМКнын алдында түзүлгөн коррупцияга каршы кызматка жардам берет.

2011-жылдын жыйынтыгын чыгарган бүгүнкү коллегияда Башкы прокуратура өткөн жылы абак жайларындагы адам укуктарынын корголушуна басым жасап, убак-убагы менен рейд жүргүзгөндүгүн белгиледи. Жыйынтыгында кыйноолор боюнча 8 тартип коргоо кызматкерине кылмыш иши козголуп, экөө шарттуу түрдө кесилген. Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 44, сот системасындагы кызматкерлерге 8, прокуратура кызматкерлерине 10 кылмыш иши ачылган. Андан башка жалпы мамлекеттик кызматтар боюнча 214 кылмыш иши козголгон.

Коллегияда президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев Башкы прокуратуранын адам укуктарын коргоо жана мыйзамды сактоо багытындагы былтыркы иштери канааттандырарлык эмес деген сын пикирин айтып, бул мекемеге карата элдин ишеничи дагы эле төмөн бойдон калгандыгын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG