Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Египетте исламчылар менен демонстранттар кагылышты


Каирдин Тахрир аянтында жума күнү "Мусулман агайиндер" кыймылынын колдоочулары менен секулярдык демонстранттар бир-бирин таш бараңга алышты. Бул кагылыш аталган борбордук аянтта он миндеген киши Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан козголоңдун бир жылдыгын белгилөөгө чогулганда болду. Аналитиктер эки ортодогу нааразылык динге эмес, саясатка көбүрөөк байланышканын айтышууда. Солчулдар жана секулярчы активисттер генералдардын бийликтен дароо кетишин талап кылышууда. Ал эми парламенттик шайлоодо биринчи болуп келген "Мусулман агайиндер" аскер башчылары качанкыга чейин бийликте болоорун өздөрү чечсин деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG