Өзбекстандын Жогорку жана орто билим берүү министрлиги «Жогорку окуу жайлардагы этика эрежелери» деп аталган документке ар бир студент, ар бир окутуучу кол коюшу керектигин эскертти. «Бул эрежелер студенттердин жүрүм-турумунун бузулушун, ичкиликке, маңзаттарына, диний экстремизмге берилип кетишин алдын-алып, массалык маданияттан алагды кылуу үчүн зарыл» деп айтылат эрежелерде. Мындан тышкары улуттук баалуулуктарга тиешеси бар, же жогорку окуу жайдын ички көйгөйлөрү тууралуу маалыматтарды интернетке коюуга тыюу салынат. Ал эми документтин 3-беренесинин 8-бөлүмүндө «Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү коридордун оң жагы менен басышы керек» деп жазылат.