Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Араб лигасы Сириядагы өз миссиясын токтотуу


Араб лигасы Сирияда кан төгүү күч алып кеткендиктен, байкоочулар миссиясын токтотконун бышыктады. Ишембиде лига Сириядагы 100дөй байкоочунун иши дароо токтотулат деген билдирүү таркатты. Сириянын маалымат каражаттары бул күнү буктурмадан кол салуудан жети аскер окко учканын кабарлаган. Ал эми сириялык активисттер Дамаскинин жанында коопсуздук күчтөрү 11 кишини атып салгандыгын айтышкан.

Учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча европалыктар араптар менен бирге тапшырган резолюциянын долбоорун талкуулап жатат. Анда шайлоо өткөрүү үчүн Сирияда президент Башар ал-Асаддын бийликтен кетүүсү жана убактылуу өкмөт түзүлүшү каралган.

XS
SM
MD
LG