Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ошто жер титиреди


Бүгүн эртең менен саат 7.26да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталганын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы cейсмология институтунан кабарлашты. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта катталып, күчү 4,5 баллга жеткен.

Силкинүү күчү Ош шаары жана Кара-Суу районунда 4 балл, Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылында 4,5 баллга жетти.

Чукул кырдаалдар министрлигин алдын-ала маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Кара-Суу райондук жарандык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG