Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кыргыз режиссерунун тасмасы Париждеги фестивалга катышат


Кыргызстандык жаш режиссер Асел Жураеванын «Меккеге жол» аттуу тасмасы Парижде өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» тасманын автору билдирди.

Жураеванын маалымдашынча, ушул жылдын 24-мартынан 5-арелине чейин өтө турган «Синема дю Риль» аттуу фестивалга 200дөн ашык ар кыл жанрдагы тасмалар тандалып алынган. Алардын ичинен Кыргызстандан «Меккеге жол» тасмасы да кирген.

Буга чейин режиссердун «Меккеге жол» аттуу тасмасы «Бир дүйнө Кыргызстан» эл аралык кино фестивалында баш байгеге ээ болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG