Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

"Улуттук электр тармактары" ишканасынын жетекчилеринин бири камакка алынды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы коррупцияга каршы кызмат Кыргызстандын "Улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директорунун орун басарын кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынын билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын директорунун орун басары К. Мурзакматов «Чыгышэлектро» ишканасынын электр эсептегичтерин тендер аркылуу сатып алууда коррупциялык механизмдерди уюштуруп, 2 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып алган.

Учурда Мурзакматов УКМКнын кызматкарлери тарабынан камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG