Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

БУУнун ядролук инспекторлору Тегеранга келди


Тегерандын атомдук программасынын согуштук максаты бар-жогун текшерүүнү көздөгөн көзөмөлдөөчүлөрдүн сапары Ирандын парламенти Европага мунай берүүнү токтотуу маселесин колго салганы жаткан мезгилге туура келди. Эл аралык Атомдук энергетика агенттиги жөнөткөн делегациянын жетекчиси «Ирандын ядролук программасы боюнча бардык талаш суроолордун башын ачууну» максат кылаарын маалымдады. Венадан жолго чыгып жатканда агенттиктин директорунун орун басары генерал Херман Накертс «ирандык расмий өкүлдөр кызматташат» деген үмүтүн билдирди. Батыш Иран ядролук бомба жасап жатат деп шектенет, бирок Иран өзүнүн өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG