Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Орусия Сирия миссиясынын токтогонун сынга алды


Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Араб Лигасы жаңы эле көзөмөл миссиясын бир айга узарткандыгын белгилеп, ушундан улам эми Сириядан байкоочуларын чыгарып жатканына таң калганын билдирди. Араб лигасы кечээ Сириядагы кан төгүүнүн күч алышынан улам 100 чакты байкоочусунун иши дароо токтотулуп жаткандыгын жарыялаган. Сириянын мамлекеттик САНА кабар агенттиги «миссиянын токтотулушу Сириянын ички иштерине тыштан кийлигишүүгө болгон кысымды күч алдыруунун амалы» деп жазды. Жума күнү бир нече араб мамлекети Араб лигасынын сунушуна негизделген, президент Башар ал-Асаддын кызматтан кетишин талап кылган резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешине тапшырган эле.

XS
SM
MD
LG