Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

АКШ: анти-капиталисттик демонстрацияда 150 киши кармалды


Полиция Калифорниядагы Оукланд шаарындагы жүрүштүн мезгилинде 150 чакты кишини камакка алганын билдирди. Демонстранттар бош турган жыйын борборуна кирүүгө аракеттенгенде полиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушту. Демонстранттар кийин шаардык акимиятка кирип барып, дагы бир имаратты басып алууга аракеттеништи. Полициянын билдиришинче, 20 чакты демонстрант тартип коргоочуларды таш, шише жана башка нерселер менен согуп, имараттын курчоосун бузууга аракеттенгенде кармалды. Полиция үч офицер жараат алганын айтууда.

XS
SM
MD
LG