Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Румындар алтын кен планына каршы чыгышты


Карпатиядагы чакан шаарда ири алтын кенин ачуу планына каршы жүздөгөн киши демонстрацияга чыкты. Экологдор алтынды кенден бөлүүдө колдонулган цианидден бул аймактагы байыркы Рим алтын кендери жана айыл-кыштактар талкаланаарын эскертишүүдө. Бухарестте парламенттин алдындагы акцияга 300 чакты киши катышып, Роси Монтана кенин казууга канадалык кен компаниясына уруксат бербөөнү талап кылышты. Социалдык төлөмдөрдү кыскартуу чараларына жана турмуш деңгээлинин начарлашына байланыштуу Румынияда эки аптадан бери президент Траян Басеску менен өкмөт башчы Эмил Боктун кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өтүп келатат.

XS
SM
MD
LG