Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Африка Биримдиги Кытай каржылаган баш кеңсесин ачты


Африка Биримдигинин лидерлери бүгүн 200 миллион доллардык кеңсенин салтанаттуу ачылышына катышты. Эфиопиянын баш калаасы Аддис Абебадагы 20 кабат имараттын курулушун кытай өкмөтү толугу менен каржылады. Имарат үч жылда бүткөрүлдү. Кытайдын башкы саясий кеңешчиси Жиаң Чиңлан бул белекти «Африка менен алакалардын тереңдешинин символу» деп мүнөздөдү. Ал Кытай Африканын эң ири соода шериги экендигин, Кытайдын бул континенттеги инвестициясы 13 миллиард долларга жеткенин белгиледи. Жаңы кеңседе бүгүн Африка Биримдигинин эки күндүк самити башталууда.

XS
SM
MD
LG