Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрүн сактоо максатында Кыргызстандын бир катар унаа жолдорунун аймагында кар күрткүлөрү атайылап аткылап түшүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, аткылоо иштери 4-февралга чейин Бишкек-Ош жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Алабука-Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда жүргүзүлөт. Буга чейин министрликке караштуу гидрометеорология боюнча агенттик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу көбөйгөнүн эскерткен. (KKs)