Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Борбордук мечиттин курулушу башталат


Бишкектеги мурдагы “Ысык-Көл” кинотеатрынын аймагында жайгаша турган Борбордук мечиттин курулушу жакын арада жанданат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы мечитти куруу боюнча тендерди январь айында түркиялык “Хоросанлы” курулуш компаниясы утуп алды. Мечит курулушуна жумшала турган он миллион доллардын сегиз миллионун Түркиянын дин башкармалыгы, эки миллионун болсо иордандык демөөрчүлөр каржыламакчы.

Кинотеатрдын ордун муфтият 2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин буругу менен 49 жылга ижарага алган. Буга чейин мечиттин жер төлөсү гана казылып бүткөн. Курулуш иштери 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин кечеңдеп кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG