Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Европа лидерлери экономикадагы көйгөйдү талкуулайт


Евробиримдиктин саммити Брюсселде бүгүнкүгө белгиленген. Анда биримдиктин лидерлери чыгашасы менен кирешеси тең салмакталган бюджет жөнүндөгү келишим боюнча макулдашууга жетишери күтүлүүдө.

Саммитти утурлай Бельгиянын ири үч профсоюз уюму 24 сааттык иш таштоо жарыялашты. Алар өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршылык билдирүүдө.

Аналитиктердин айтымында, бүткүл Еврошаркет боюнча адамдар бюджеттердин кыскарышынан жана катаал үнөмдөө чараларынан чарчашкандай.

Жалпысынан азыр Европада 23 миллион киши жумушсуз. Бул ишке жарамдуу калктын 10% дегендик.

Шаркеттин өлкөлөрү ичинен карызга эң көп баткан Грецияда өкмөт жеке кредиторлор менен карыздын 170 миллиард долларын кечүү маселеси боюнча келишимге жетишүүгө жакындап калды.

XS
SM
MD
LG