Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Февралда Кыргызстан менен Орусиянын президенттери Москвада жолугушат


29-январда кыргыз мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Дмитрий Медведев менен телефондон сүйлөштү. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, февралдын жыйырмасынан кийин Москвада мамлекеттер аралык жолугушуу пландаштырылууда. Атамбаев менен Медведев ошондо талкуулай турган маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Алмазбек Атамбаев былтыр 30-октябрда президент болуп шайланаар замат Кыргызстандын негизги стратегиялык шериги Орусия экенин айткан. Бирок кыргыз президенти катары чет өлкөгө алгачкы расмий сапары жакында Түркияда өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG