Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Кумарканалардын ишсиз калган кызматкерлери өкмөттүн алдына митингге чыгышты


Ушу тапта Бишкектин эски аянтында 500дөй киши чогулган митинг өтүп жатат. Кумарканалардын жабылышынан ишсиз калгандар өкмөттүн алдына барып, жумуш таап берүүнү талап кылып жатышат. Митингдин катышуучусу Зарина Бейтакованын "Азаттыкка" билдиришинче, казинолордун мурдагы кызматкерлерине мамлекет компенсация төлөп бериши керек. Мындай талап коюлганына бир айдай болуп калды, бирок жооп боло электиги айтылды.

Быйыл 1-январдан тарта Кыргызстандын аймагында кумарканалардын жабылышы тууралуу мыйзам былтыр күзүндө кабыл алынган. Кумарчы болуп кеткендердин жакындары ушундай талапты коюп келишкен болчу.

Кумарканалар негизинен Бишкекте жана Ошто жайгашкан. Жабылдык дегени менен айрымдары дагы эле жашыруун иштеп жатканын айтылууда.

Өткөн аптада казино, оюн автоматтарын иштеткен жайлардын өкүлдөрү кайра ачылууга уруксат берсе өкмөткө төккөн акчаны эки эсе көбөйтөбүз деп чыгышты. (RK)

XS
SM
MD
LG