Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Кытай өкмөт карызы көзөмөлдө турганын билдирүүдө


Кытайдын мамлекеттик карызы “коопсуз жана көзөмөлдөнгөн деңгээлде” экендигин премьер-министр Вэнь Цзябао билдирди.

Анын айтымында, өкмөт системалык тобокелчиликтерге алып келүүчү тыныгууларга жол бербеш үчүн чечүүчү долбоорлорду каржылоо үзгүлтүккө учурабашын камсыздайт.

Кытай өкмөт башчысы ошондой эле каржы секторундагы монополияны бузуп, бул чөйрөгө жеке капиталдын келүүсүнө жол ачууну убада кылды. Вэнь Цзябаонун мындай комментарийлери бүгүн расмий гезитте жарыяланды.

XS
SM
MD
LG