Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Бишкек - Ош унаа жолунда карды аткылап түшүрүү иштери башталат

Кар көчкү коркунучуна байланыштуу бүгүнтөн тарта Бишкек - Ош жолунун тоолуу аймактарында карды атайылап аткылап түшүрүү иштери башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Кооптуу деп Бишкек - Ош жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдары аныкталды.

Ошондой эле Алабука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн болгондуктан аткылоо иштери жүргүзүлөт.

Артиллериялык аткылоо иштери 4-февралга чейин жүргүзүлөт. (RK)
XS
SM
MD
LG