19-январда Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айыл округунун тургуну М.Манапбаевдин бир баш уйунда кутурма ылаңынын белгилери байкалган. 27-январда Республикалык дарт аныктоо борборунун №16 экспертизасы ал уйда кутурма бар экенин аныктады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиришинче, учурда Манапбаевдин короосунда 500 баш кой-эчки, 40 баш уй-топоз, 28 баш жылкы жана 3 ит багылууда. Мал докутрлар анын короо-сарайларын дезинфекциялап, малы адистердин көзөмөлүндө турат.
Нарын зоналдык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын башчысы Ж.Алымкуловдун билдирүүсүнө караганда, Нарын аймактык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгында жана Ат-Башы райондук башкармалыгында кутурма оорусуна каршы вакцина жок болгондуктан малды эмдөөгө мүмкүн болбой жатат. (RK)