Жогорку Кеңештин жакынкы күндөрдөгү отурумунда парламенттин 2010-жылдын апрел, июн айларында болгон кандуу окуялар тууралуу буга чейин кабыл алган токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 30-январда июнь окуясында жабыркагандардын укугун коргоочу “Ош шейиттери”, “Ош окуясында дайынсыздар коому” жана “Түштүк коогалаңынын шейиттерине өчпөс от” коомдук уюмдардын жетекчилери менен жолгушууда билдирди.
Аталган уюмдардын жетекчилери кандуу окуялар боюнча эмдигиче күнөөлүүлөр жазаланбай, тергөө жана сот иштери жеткиликтүү жүргүзүлбөй, жабырлангандарга жардам баардыгына текши берилбей жаткандыгын айышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (RK)