Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Паннета: Иран бир жылда атомдук бомба жасай алат


Талдоочулардын боолгошунча, Иран кааласа, бир жыл ичинде атомдук бомба жасай алат. Бул жөнүндө Пентагондун башчысы Леон Паннета жекшемби күнү АКШнын “60 minutes” телепрограммасында айтты. Анын сөзүнчө, бомбаны ташуучу механизмди же жабдууну жасаганга Иранга дагы эки-үч жыл керек болот.

Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштеп жатпаганын дембе-дем айтып келет. Азыр БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ Иранда инспекция жүргүзүүдө. Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи миссиянын иши “көңүлдөгүдөй” болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG