Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:30

Асаддын аскерлери Дамаскинин четин адаватчылардан бошотту


Сириянын байтакты Дамаскинин чыгышындагы Гута районунда үч күндөн бери өкмөттүк күчтөр менен адаватчылардын согушу жүрүүдө. Оппозициянын билдиришинче, дүйшөмбүгө караган таңга карай аскерлердин огунан тогуз киши өлүп, 45 адам камакка алынды. Жекшемби күнү Гута аймагына танктар коштогон 2 миңдей аскер кирип, район Сирия боштондук армиясынан бошотулганы маалымдалган эле. Күбөлөрдүн айтышынча, армия Дамаскинин ортолук аянтын жана Эл аралык аэропортту күзөтүүдө. Өкмөттүк маалымат булактары “террорчулар” Ортолук Сирияны Жер Ортолук деңизи менен туташтырган газ куурун жардырып жибергенин кабарлашты.

XS
SM
MD
LG