Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Megacom уюлдук компаниясындагы коррупция боюнча кылмыш иш козголду


"Альфа Телеком" жабык акционердик коомундагы (Megacom уюлдук байланыш компаниясы) коррупциянын айынан мамлекетке 142 миллион сомдук зыян келтирилди. Бул тууралуу кабарлаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, кылмыш иш козголуп, сураштыруу башталды. Айрым жетекчилери ири суммадагы акчаны максатсыз пайдаланып, жасалма документтерди колдонду деген шек бар экени айтылууда.

"Альфа Телеком" мурдагы бийлик тушунда коррупцияга аралашканы айтылып, соттук териштирүү жүргүзүлгөн. Учурда анын акцияларынын 49 пайызы улутташтырылган, калган 51 пайызы камакка алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG