Байланыш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы түрмөлөргө чыкчу уюлдук жана радиобайланышты жабуу маселесин мобилдик компаниялар менен биргеликте иштеп чыгышы керек. Мындай талап Коргонуу кеңеш катчылыгынын жыйынында коюлду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюлдук байланыш түрмөлөргө жетпей тургандай атайын жабдуу орнотушу керектиги айтылды. (RK)