Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Канадада теги ооган үй-бүлө 25 жылга кесилди


Теги ооганстандык Мухаммед Шафияны, зайыбы Тобаны, улуу уулу Хамидди Канаданын соту 25 жылга абакка кести. Аларды сот Шафиянын үч кызын жана биринчи аялын өлтүрдү деп тапты.

Соттун билдиришинче, Шафия бойгон жеткен кыздарынын ага баш ийбегенине ызаланып, 2009-жылы автомобиль кырсыгын уюштурган. Кыздарына жан тартканы үчүн Шафия экинчи аялы жана уулу менен чогуу биринчи зайыбын да тындым кылган. Тергөөчү Крис Скотт жекшемби күнү Кингтсон шаарында кабарчылар менен болгон кездешүүдө: "Билесиздерби, мен мына бул адамдарга башка сөз бергим келбейт. Бул менин бүгүнкү акыркы комментарийим. Биз, Рона, Зайнаб, Сахар жана Гитинин эстеп, ушу маркумдар жөнүндө сүйлөйлү. А мына бул адамдар жөнүндө эмес," - деди.

Канаданын гезиттери Мухаммад Шафиянын кыздарын “шуркуялар” деп атап, “мен үчүн аларды өлтүргөн сыймык” деген сөзүн басты.

XS
SM
MD
LG