Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Норвегиялык жарандар "террорчу" катары соттолду


Норвегиянын соту Мухаммед пайгамбардын азил сүрөтүн баскан даниялык гезитке кол салмак болгон эки жаранды “террорчулук жасоого аракет жасады” денген берене боюнча эркинен ажыратты. Дүйшөмбү күнү Ослонун соту топтун ана башы, теги уйгур Микаэл Давудду жети жылга жана теги күрт Шаван Садык Саид Бужакты 3, 5 жылга кести. Топтун үчүнчү мүчөсү, өзбекстандык Давид Якобсен төрт айга соттолду. Норвегиялык бул үч жаранды Даниянын полициясы 2010-жылы декабрда "Jyllands-Posten" гезитине кол салууга даярдык көрүп жүргөн деп камакка алган.

Береги гезит 2005-жылы Мухаммед пайгамбардын азил сүрөтүн басканда, муслуман өлкөлөрүндө нааразылыктарды жараткан.
XS
SM
MD
LG