Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

АКШ: Республикалык партиядан президенттикке талапкерлер Флоридада беттешет


Ньют Гингрич жана Митт Ромни
Ньют Гингрич жана Митт Ромни
Бул штаттагы бүгүнкү праймериздин же ички партиялык шайлоонун алдындагы сурамжылоолор Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни башкы атаандашы, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингричтен кыйла алдыда экендигин көрсөтүүдө.

Баяндамачылардын пикиринде, Ромнинин бул штатта жеңишке жетүүсү Гингричти жарыштан чыгаруусу мүмкүн.

Республикалык партиянын жарышта калган дагы эки талапкери: мурдагы сенатор Рик Санторум менен конгрессмен Рон Паул Флорида штаты боюнча, дегеле жалпы улуттук сурамжылоодо Митт Ромниден бир топ артта келүүдө.

АКШдагы президенттик шайлоо ноябрда өтөт. Республикалык партиянын талапкери анда азыркы президент Барак Обама менен атаандашат. (UE)

XS
SM
MD
LG