Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

АКШ жана Грузия президенттери эркин соода келишимин талкуулашты


Барак Обама менен Михаил Саакашвилинин сүйлөшүүлөрү Ак үйдө өттү. АКШ президентинин айтымында, Грузия менен эркин соода келишимин түзүү мүмкүн жана мындан эки мамлекет тең уттурбайт.

Грузин президентинин пикиринде, эркин соода келишими Грузиянын мамлекет катары өнүгүшүнө жардам бермек.

Барак Обама ошондой эле АКШ Грузиянын НАТОго мүчө болуу мүдөөсүн колдой турганын ырастады жана Грузиянын Оогастандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнө кошкон салымына ыраазычылык билдирди.

Май айында Чикагодо өтүүчү саммитинде НАТО Грузиянын мүчөлүгү жөнүндөгү маселени да карары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG